Таттыбүбүнүн элесине арналган кино жумалык болот
Бөлүшүү:
Бишкекте Таттыбүбү Турсунбаеванын элесине арналган кино жумалык өткөрүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев билдирди.
Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан белгилешкендей, жумалыктын алкагында Таттыбүбү Турсунбаева тартылган тасмалар көрсөтүлөт.
Актриса каза болгон күнү эскерүү иш-чарасы болот.
Эскерте кетсек, бул жылы Турсунбаева 75 жашка толмок. Ал 1944-жылы 12-июлда төрөлүп, 1981-жылы 21-декабрда каза болгон.
Ал "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Ссылка: https://barometr.kg/tattybbnn-elesine-arnalgan-kino-zhumalyk-bolot
Добавить комментарий ×