Унааларынын номурун жашырып айдагандар четинен аныкталууда
Унаасынын номурларын жашырып алган айдоочулардан азырынча алтоо аныкталды. Аларга эскертүү берилген. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 18-февралда билдирди.
Анын айтымында, унаалардын номурларын айып пулдан жана камерадан качып баткак менен жашырып алган айдоочулар боюнча эскертүүлөр берилип жатат. Учурда бул боюнча өкмөт иш алып барууда.
Андан сырткары, айып пулду төлөө юридикалык жана жеке жактарга бирдей болоорун өкмөт башчы кошумчалады.
Эске салсак, жеке жактарга 1000сом өлчөмүндөгү айып пул салынса, юридикалык жактарга 5000 сом деп айтылып келген. Ал эми "Коопсуз шаар" долбоору ишке киришип баштагандан бери, айрым айдоочулар айып пулдардан качып, камерага түшүп калбаш үчүн ар кандай ыкмаларды жасай башташкан.
Ссылка: https://barometr.kg/unaalarynyn-nomurun-zhashyryp-ajdagandar-chetinen-anyktaluuda
Добавить комментарий ×