Унаа үчүн мушташкан эркектердин чоо-жайы белгилүү болду

8 июнь 2019 13:07 2626 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык түйүндөрдө жана ЖМКларда жаряланган «Лексус-570» унаасын белгисиз адамдар талашып жаткан видео тууралуу маалымат таратты.

7-июнда болжол менен саат 17:20да Ленин райондук ички иштер башкармалыгына К. Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бейбаштык болуп жактаны тууралуу кабарлама түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бул инциденттин катышуучуларын аныктады.

А. А. атуу жаран арыз жазып, 7-июнда саат 16:50дө үч белгисиз адам «Лексус LX450» унаасын кайдан алдың деп талашып ачкычын тартып алмак болушканын айтты.Бул чатактан улам А. А. унаа лобардынын имаратына качып кирип милиция чакырган.

Ал эми аталган факты боюнча суракка алынган Т. Н. «Лексус LX450» унаасы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын, бул унаа талашта экенин билдирди. Ошондой эле бул боюнча иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда дагы каралууда.

Учурда иликтөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/unaa-chn-mushtashkan-erkekterdin-choo-zhajy-belgil-boldu



Добавить комментарий