Улуттук кийим менен жылаңач сүрөткө түшкөн кыздын мурдун сындырып кетишти

5 январь 2019 12:17 5632 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Казактардын улуттук кийимдерин кийип, жылаңач төшүн көргөзүп түшкөн сүрөттөрү менен таанымал болгон ызы-чуулуу Ширин Нарчаеванын мурдун сындырып кетишти. Бул тууралуу казак басылмалары социалдык тармактарга тараган видеолор менен жазып чыгышты.

Анда көрүнүп тургандай ажатканага эки бейтааныш кыз кирип, Шириндин чыгарган сүрөттөрү үчүн жазаламак болушкан. Ортого кандайдыр бир адамдын да келип арачалап кошулуп калганын көрүүгө болот. Андан кийин канаган мурду менен Ширин Нарчаева жуунат. 

Мындай видеону айрымдары жасалма деп чыгышты. Соцтармактын көпчүлүк колдонуучулары "Эгер чын болсо, ырас кылыптыр"-деп жазышты. 

Казакстандын Тараз шаарынан чыккан ызы-чуулуу Ширин Нарчаевага  казактар жалпы казак кыздарын уят кылып жатат деп айтышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-kijim-menen-zhylaach-srtk-tshkn-kyzdyn-murdun-syndyryp-ketishti



Добавить комментарий