Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус аныкталды

20 июнь 2020 11:16 695 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 18-июнунда Улуттук банктын бир кызматкеринен вирусту аныктоо үчүн алынган анализден COVID-19 инфекциясы  тастыкталды. Учурда кызматкердин оорусу жеңил формада өтүп, дарыланууда. Бул тууралуу Улуттук Банктан билдирди.   

Улуттук банктын кызматкерлеринин ичинен контакт болгон адамдар аныкталып, алар үй карантинине жиберилди. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери алардан белгиленген тартипте анализ алды. Оору жуктуруп алган кызматкер иштеген имарат адистештирилген компаниянын кызматкерлерин ишке тартуу менен  дезинфекцияланды.  

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында, Улуттук банкта санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайык талаптар күчөтүлдү.

Бүгүнкү күнгө карата банк кызматкерлеринин ичинен  аталган ооруга чалдыккан башка учур жок. Улуттук банк штаттык режимде иш алып барып, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда.

Бул  Улуттук банктын кызматкерлери арасында ооруну жугузуп алган экинчи учур.

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-banktyn-kyzmatkerinen-covid-19-koronavirus-infekciyasy-anyktaldy



Добавить комментарий