Кочкоров: Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча сөзү элди дүрбөлөңгө салды
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы министри Улукбек Кочкоров жаңы дайындалган премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу элди дүрбөлөңгө салган билдирүүсү тууралуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Кочкоровдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповго, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам.
Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычына келчү каналдын башаты боюнча Улукбек Марипов сиздин сөзүңүз коомчулукту, өзгөчө Баткен элин дүрбөлөңгө салып койду. Өкмөттүн Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн билдирүүсү жергиликтүү элди канааттандырган жок. "Губернатор билбей калышы да мүмкүн, маселени өкмөт өзү эле чечип койгондур" дешип, күмөн санашууда.
Эгерде чын эле тастыктаган кандайдыр бир документтер бар болсо анда, буга жол берген тиешелүү жетекчилерди тез арада жоопкерчиликке тартыш керек жана башатты кайра кайтарып алуу боюнча ыкчам аракеттерди жасаш керек.
Эгерде айтылган сөз негизсиз, калп болсо анда, кошуна элдердин "чырагына май тамызган" сөзүңүз үчүн токтоосуз элге чыгып, кечирим сурашыңыз абзел.
Мындан сырткары, ар бир мамлекеттик кызматкерди чек ара маселесинде өтө этият болууга чакырам”, - деген билдирүү калтырды Кочкоров.
Добавить комментарий ×