Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды

6 сентябрь 2018 17:40 897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум 20-сентябрга саат 15:00гө жылдырылды. Соттук отурум соттолуучу Эрмек Осмонкулов алынып келинбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылды. 

Белгилей кетсек,   мурдагы депутат, экс-башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.  Ал эми  "Ата Мекен" фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, аны иликтөөнү талап кылышкан. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-salyanovdun-lm-boyuncha-sottuk-oturum-kijinkige-zhyldyryldy



Добавить комментарий