Улан Ниязбеков: Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча жалпы 78 факты катталды

10 январь 2021 21:12 1857 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шайлоо тилкелеринде кырдаал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет. 

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз борборунда өткөн маалымат жыйынында төмөнкүлөрдү билдирди. 

"Өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун “Күчөтүлгөн тартипте” камсыз кылды. Анын ичинде 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400 ашык кызматкер камсыздап, жарандар арасында коомдук мыйзам бузуулардын орун алышына жол берилген жок.  

Учурдан пайдаланып, коомдук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөткөн жергиликтүү бийлик органдарына жана коомдук тартипти камсыздаган ички иштер органдарынын ардагерлерине, элдик кошуундарга жана кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиремин", - деди министр.  

Улан Ниязбеков шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 факты катталып, анын ичинде, Бишкек шаарында 23, Ош шаарында 6, Чүй облусунда 11, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 24, Жалал-Абад облусунда 7, Талас облусунда 2, Нарын жана Баткен облусунда бирден факты катталгандыгын баса белгиледи. Катталган 78 фактынын ичинен, 71 фактысы боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 7 факты кылмыштар боюнча, 2 факты жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

(Өндүрүштөгү кылмыштар - Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2. Өндүрүштөгү жоруктар -  Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1). Чечим кабыл алынган 71 фактынын ичинен 5 фактысы аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөндүгүн дагы билдирди.

"Бүгүн эртең мененки саат 08.00дө добуш берүү башталгандан, кечки саат 20.00гө чейин добуш берүү аяктаганга чейинки аралыкта ички иштер органдарынын “Маалыматтарды электрондук каттоо журналына” жалпы 24 маалымат катталды. Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча 9, Ош шаары боюнча 8, Ош облусу боюнча 1, Ысык-Көл облусу боюнча 1, Талас облусу боюнча 1, Баткен обулусу 2, Нарын  жана Чүй облустарында бирден факт катталды.

Мындан тышкары, арыз билдирүүлөрдү өз учурунда билдире албай калган жарандар тарабынан дагы кайрылуулар болушу мүмкүн, ошондуктан ар бир кайрылуу мыйзам чегинде карала тургандыгын белгилеймин", - деди Ниязбеков

Азыркы учурда, өлкө аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу, одоно тартип бузуулар орун алган жок, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-niyazbekov-shajloogo-bajlanyshtuu-myjzam-buzuular-boyuncha-zhalpy-78-fakty-kattaldy



Добавить комментарий