Рейддин учурунда издөөдө жүргөн 5 адам кармалды

28 декабрь 2020 16:44 619 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 23-декабрдан 25-декабрга чейин республика боюнча “Укуктук тартип” рейддик иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Рейдди жүргүзүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ал эми, КРнын  Бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө 4204 протокол түзүлүп, айып пул төлөөгө алып келди.

Андан сырткары, рейддин жүрүшүндө 201 кылмыш ишинин бети ачылды. Анын ичинен 1-адам өлтүрүү, 1-каракчылык, 4-тоноочулук, 10-бейбаштык, 50-уурулук, 135-башка кылмыштар.

Ошондой эле, 5 366 автомототранспорт каражаттары, 126 727 адамды камтыган 35 792 турак жай, 841 соода түйүндөрү, 746-уруксат берүүчү тутумдун обьектилери текшерилип, издөөдө жүргөн 5 адам кармалды.

Ссылка: https://barometr.kg/ukuktuk-tartip-rejddin-zhyjyntygynda-izdd-zhrgn-5-adam-karmaldy



Добавить комментарий