Укугу бузулган жарандар үчүн "ишеним телефону" иштей баштады
Кыргызстанда укугу бузулган жарандар үчүн "ишеним телефону" кенейтилген тартипте иштей баштады. Эми балдар тарбияланган жабык жайлардагы, үй-бүлө, мектептердеги укук бузуулар тууралуу маалымат "115" кыска номуру аркылуу телефондон кабыл алынат. Түрдүү кыйноолорго, зордук-зомбулукка туш болгон жарандарга адистер юридикалык кеп-кеңештерин берип, соттук иштерди акыйкат чечүүгө көмөктөшөт.
Акыйкатчы институтунун алдындагы 115 ишеним телефону 2015-жылы түзүлгөнү менен каржылык маселелерден улам бир жылдан бери иштебей токтоп калган. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен бул иш кайрадан жанданды.
Ссылка: https://barometr.kg/ukugu-buzulgan-zharandar-chn-ishenim-telefonu-ishtej-bashtady
Добавить комментарий ×