Ишеним телефонуна социалдык жардам сурап 13 абоненттен кайрылуу түшкөн

20 апрель 2021 15:17 1697 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 8-15- апрелине чейин 2 286 телефондон кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Анын ичинен 49 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 16 же 32,7 % жаш балдардан, ал эми 33 же 67,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 31 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

49 чалуунун ичинен эркектерден – 7 (же 14,3%), аялдардан – 42 (же 85,7%), алардын ичинен жаш балдардан – 16: эркек балдардан – 0 (же 0%), кыздардан – 16 (же 100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– психологиялык жабырлануудан – 10;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 3;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– аркандай суроолор менен – 1.

2 237 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ishenim-telefonuna-socialdyk-zhardam-surap-13-abonentten-kajryluu-tshkn



Добавить комментарий