Украиналык селки кыздыгын аукциондо 1,2 миллион еврого сатты. Видео

20 январь 2020 10:26 1818 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Украинанын Харьков шаарында туулган 19 жаштагы селки кыздыгын 1,2 миллион еврого сатты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды

Маалыматка ылайык, селки учурда АКШда жашайт. Ал эскорт-агенттиктеринин биринин сайты аркылуу аукционго койгон. Баштапкы наркы 100 миң евро деп бааланган.

Басылманын жазышынча, аукционду Германиянын Мюнхен шаарынын 58 жаштагы тургуну, бизнесмен, фитнес-клубдардын ээси утуп алган.

Аукцион учурунда Нью-Йорктогу адвокат 1 миллион евро төлөөгө макул болсо, Токиодо жашаган ырчы 800 миң евро жумшоого кудурети жете турганын билдирген.

 Daily Mail басылмасы өз булактарына таянуу менен жазышынча, 19 жаштагы кыз менен бизнесмен Германияда жолугат. Андан сырткары немис ишкери кызга үйлөнүүгө даяр экенин жана айына 10 миң евродон төлөп турууга макул экенин билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/ukrainalyk-selki-kyzdygyn-aukciondo-12-million-evrogo-satty



Добавить комментарий