УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды

23 октябрь 2018 10:55 1502 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды.  

УКМКнын маалыматка ылайык абакта жаткан депутат ден-соолугунун начарлап, өзүн жаман сезип жаткандыгы тууралуу арызданган. Ага алгачкы жардам көрсөтүлгөнү менен, жакшы болбой, абалы өзгөрүлбөгөндөн улам тез жардам чакырууга туура келген. Учурда Артыкбаевдин ден-соолугу турукташты, абалы канааттандырарлык деп билдиришти. 

Эске салсак, 5-июнда Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алган. 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmknyn-terg-abagynda-zhatkan-deputat-osmonbek-artykbaevge-tez-zhardam-chakyryldy



Добавить комментарий