УКМК Салымбеков эмнеге камалганын маалымдады
"Дордой Дыйкан" базарынын директору айыл чарба азыктарын экспорттоо тармагында иштеген транс чек аралык уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Кызмат адамдарынан турган топ жана айрым компаниялар өлкөдөн тышкары айыл чарба азыктарын экспортко чыгарууга жасалма бөгөт түзүшкөнү айтылууда.
“Анын кесепетинен айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр Евразиялык экономикалык аймактын өлкөлөрүнө азык-түлүктөрүн тоскоолдуксуз алып өтүш үчүн кызмат адамдары менен логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан”,-деп кабарлашты УКМКдан.
Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Айыл чарба министрлигинде иштеген бир катар кызмат адамдары, логистикалык компаниялардын өкүлдөрү, коррцупциялык схемаларды уюштуруучулар жана "Дордой Дыйкан" базарынын директору Эркинбек Салымбеков кармалган.
Кармалгандар тергөө бүткөнчө камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-salymbekov-emnege-kamalganyn-maalymdady
Добавить комментарий ×