УКМК мурдагы Саламаттыкты сактоо министринин тууганын кармады
Саламаттыктык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардагы кызмат адамдарынын коррупциясы боюнча кошумча фактылар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Атайын кызматтар мурдагы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин тууганы С.Ж.К. фармацептикалык компаниялардын кызыкчылыктарын коргоп келгени тууралуу далилдерди алды.
Тергөөнүн версиясы боюнча ал Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги кызмат адамдарына Дары менен камсыздоо департаментине дарыларды катоого алуу жана кайра катоого алуу боюнча процессти тездетиш үчүн пара берип турган.
Азыркы учурда Биринчи май райондук соту С.Ж.К.ны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына тергөө бүткөнгө чейин камоо тууралуу чечим чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-murdagy-salamattykty-saktoo-ministrinin-tuuganyn-karmady
Добавить комментарий ×