УКМК Каракол шаарынын депутаты мандатты мыйзамсыз алганын аныктап чыкты

27 февраль 2020 14:29 621 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Каракол шаардык кеңешинин депутаты паспортун мыйзамсыз колдонуп, мандат алган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

2016-жылы февралда 1976-жылы туулган Ч.Т. аттуу жаран берген арызынын негизинде КСДП партиясынан Каракол шаардык кеңешине аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары катталган. Ал берген документтердин ичинде 2010-жылы Караколдо берилген паспортунун көчүрмөсүн берген.

Бирок ал 2012-жылы жаңы паспорт алып, аны 2016-жылдын февраль айына чейин колдонгон. Башкача айтканда ал Ак-Суу районундагы Тепкин айылдык кеңешинде депутат болуп турган маалда колдонгон.

Андыктан Ч.Т. Каракол шаардык аймактык комиссиясына Каракол шаарында каттоого алынган, бирок жараксыз паспортунун көчүрмөсүн берип, КР мыйзамдарын бузган. Аны менен катар Каракол шаардык кеңешинин депутаты катары мыйзамсыз мандат алган”, — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын маалыматы боюнча Ч.Т. аттуу жаранга Кылмыш жаза кодексинин мыйзамсыз табылган кирешени мыйзамдаштыруу жана кызмат абалынан пайдаланган деген беренелер боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө амалдары уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-karakol-shaarynyn-deputaty-mandatty-myjzamsyz-alganyn-anyktap-chykty



Добавить комментарий