УКМК эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады

3 апрель 2019 10:50 1033 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

27-мартта УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында өнөктөш кызматтар менен биргеликте 24 жаштагы А.И. аттуу кыргыз жараны кармалды.

"Такталган боюнча кармалган адам чет өлкөдө иштеп жүргөндө, 23 жаштагы Х.Р. атуу кыргыз жараны менен байланышта болгон. Х.Р. УКМК тарабынан өткөн жылдын декабрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 299- беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча күчөтүлгөн режимде жалпы тартиптеги жаза өтөө колониясында 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. А.И. көрсөтмөсү боюнча ал чет өлкөдө жүргөн мезгилде, Х.Р. ЭТУ иш аракеттерин акча каражаттары менен каржылоо максатында Түркия мамлекетине, андан ары Сирия согуштук зонасына кетүүсүнө жардам берген",- деп айтылат маалыматта.

 Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-el-aralyk-terrorduk-uyumdun-mchsn-karmady



Добавить комментарий