УКМК: Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушунда мыйзам бузуу болгон

29 май 2018 00:30 1756 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын Корруцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен биргеликтер Ысык-Көл облусунун Бостери айыл аймагындагы Бактылуу-Долоноту айылындагы ипподромдун курулушунда кеткен чыгымдын багыттуу жумшалгандыгын текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анын негизинде аталган курулуштун жүрүшүндө “Мамлекеттик сатып алуулар” жана “Шаар куруу жана архитектура" тууралуу КР Мыйзамдары боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныктаган.

Билдирүүлөргө караганда, курулушчулар менен келишим сметалык документтер жана мамлекеттик экспертиза жок эле бекитилип калган. Натыйжада курулуштун чыгымы 480 млн сомдон 1 млрд 584 млн.сомго чейин өскөн. Ошондой эле айрым курулуш иштеринин көлөмү көбөйтүлүп, ал 10 млн сомдон ашкан жана 144 млн сомдун финансылык документтери жок болуп чыккандыгы тууралуу факт аныкталган.

“Азыркы учурда тийиштүү текшерүү иштери улантылып жатат жана аудиттин корутундусунун натыйжасында бул ишке юридикалык баа берилет”, - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-cholpon-atadagy-ippodromdun-kurulushunda-myjzam-buzuu-bolgon



Добавить комментарий