УКМК: Бабанов жоопкерчиликке тартылат

22 март 2019 16:56 1497 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгерде саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе ал жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Barometr.kgге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Эгерде Өмүрбек Бабанов кайтып келсе жоопкерчиликке тартылабы?” деген суроого УКМКдан ал мыйзам алдында жоопкерчиликке тартыларын айтышты.

Эскерте кетсек, кечээ 21-мартта Өмүрбек Бабанов Нооруз майрамы менен куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутаттары Бабанов жакында Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн экендиги тууралуу маалыматты тастыкташкан. Депутат Максат Сабировдун айтымында, төрт депутат Өмүрбек Бабанов менен Россияда жолугушкан учурда ал Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар экенин билдирген.

Маалым болгондой, 2017-жылы 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин  “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өлкөнү таштап кеткен болчу. Алдын ала маалыматтарга ылайык ал Россияда жүрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-babanov-zhoopkerchilikke-tartylat



Добавить комментарий