Уйга жаны ачыган Лукашенко аткаминерлерди бычакка алмай болду

27 март 2019 10:31 1656 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Могилевская областындагы "Купаловское" агрохолдингине барган кезде област жетекчилери менен чиновниктерди катуу каарып, губернаторун иштен кетирди. Бул тууралуу ОНТ телеканалы кабарлады.

“Бул уй араң эле басып жүрөт! Мени көрбөйт деп турасыңарбы. Кечинде бул жерге мени коштоп келгендердин тизмеси колумда болсун. Губернаторуңар баш болуп бул жерде болгондор жооп бересиңер. Баарыңарды бычакка жаткырам. Бириңди калтырбай. Кылмыш жоопкерчилигине тартам”,-деп күпүлдөдү Лукашенко.

 Ал уйлар багылып жаткан сарайды концлагерге салыштырып, област губернаторун дароо иштен алды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ujga-zhany-achygan-lukashenko-atkaminerlerdi-bychakka-almaj-boldu



Добавить комментарий