Видео. UFC 242: Хабиб Нурмагомедов салмагы ашып кетпесин деп таразага түшкөндө чолок шымын да чечти
Бүгүн Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында UFC 242 мелдеши өтөт. Анын башкы беттешинде орусялык мушкер Хабиб Нурмагомедов (27-0) менен америкалык Дастин Порье (25-5) таймашат.
Жеңил салмактын чемпиону Хабиб Нурмагомедов салмагы ченемден ашып кетпеши үчүн бардык кийимин чечтип таразага түштү. Таразага түшүү салтанаты кечээ 6-сентябрда өттү.
Нурмагомедов менен Порье салмагы 70,3 кг чыгышты.
Эске сала кетсек, Хабиб ирдандиялык мушкер Конор Макгрегорду жеңип чемпиондук курду утуп алган. Муну менен ал UFC мелдешининдеги 27 беттештин баарын уткан. Бир да жеңилүү жок.
Ал эми Порье уюмдун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону болуп саналат. Анын 30 беттештен 25 жеңиш, 5 жеңилүү бар.
Бүгүнкү UFC 242 мелдешинин негизги кадры:
Эдсон Барбоза (20-7) – Пол Фелдер (16-4)
Ислам Махачев (17-1) – Дэйви Рамос (10-2)
Кертис Блейдс (11-2) – Шамиль Абдурахимов (20-4)
Майрбек Тайсумов (27-5) – Диего Феррейра (15-2)
Алгачкы беттештер 7-сентябрда Кыргызстандын сааты боюнча 00:00.
Ссылка: https://barometr.kg/ufc-242-habib-nurmagomedov-menen-dastin-pore-mushtashat
Добавить комментарий ×