Хабибдин иниси UFC турниринде алгачкы жолу жеңишке жетти

29 март 2021 15:29 3036 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFCнын мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун аталаш иниси Абубакар Нурмагомедов 27-март күнү америкалык Джаред Гуденди UFC 260 турниринде жеңип алды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Лас-Вегаста өткөн беттешке Абубакар агасы Хабибдин коштоосунда келип, октагонго кирди. Спортчу муунтуу ыкмасын колдонуп, атаандашын жеңип алды.

Россиялык мушкер тик туруп мушташуу позицияда активдүү болуп, үчүнчү раундда гана партерде кармашууга өткөн.

Калыстар Нурмагомедовго бир добуштан жеңишти ыйгарышты.

Россиялык мушкер үчүн бул анын промоушендеги биринчи жеңиши жана UFCдеги экинчи кармашы, 2019-жылдын 9-ноябрында өткөн мелдеште ал германиялык Давид Завадага жеңилип калган.

Жалпысынан ММАда Абубакар Нурмагомедов 19 мушташ өткөрүп, анда 15 жолу жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тарткан, дагы бир мушташы тең чыгуу менен аяктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/habibdin-inisi-ufc-turnirinde-algachky-zholu-zheishke-zhetti



Добавить комментарий