Учкучсуз учактар менен иштөөнү үйрөтүүгө Түркиядан адистер келди

21 июнь 2022 11:24 2620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиядан алынып келинген учкучсуз учактарды колдонууну үйрөтүүгө атайын делегация келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министрлигинин эксперттик делегациясы таанышуу сапары менен келген.

"Түркиянын ички иштер министрлигинин адистери Кыргызстандын ички иштер органдарына учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөөнү киргизүүгө жана окутууга көмөк көрсөтүү максатында келишкен.

Бул эксперттик делегациясын жетектеп Түркиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы «Биотексан» компаниясынын башкы директору Осман Келеш, Түркиянын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар департаментинин башчысы Абдульселам Өзтүрк, Түркиянын Полициясынын башкы дирекциясынын МТББнын башчысынын орун басары, полициянын подполковниги Туркер Йыртан жана башкалар келишкен.

Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков  сөз башында түрк кесиптештерине бул иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, укук коргоо органдарына учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы күрөшүүдө инновациялык ыкма, ошондой эле коомчулуктун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоодо маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы тарабынан ички иштер органдарынын алдына коюлган негизги милдеттердин бири милициянын күнүмдүк ишмердүүлүгүндө заманбап технологиялык каражаттарды колдонуу болуп саналат. Санариптик технологияларды киргизүү кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишти жакшыртат жана кылмыштарды ыкчам ачууга жана иликтөөгө мүмкүндүк берет.

Өзгөчө көңүл өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абал интеллектуалдык камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөнгөн ыкчам башкаруу жана координациялык борборго бурулду. Акыркы технологиялар милициянын мобилдик пункттарынын ишмердүүлүгүнө көз салууга, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/uchkuchsuz-uchaktar-menen-ishtn-jrtg-trkiyadan-adister-keldi



Добавить комментарий