Учак кыйраганда асмандан кулап келе жатып үйүлгөн чөптүн үстүнө түшүп аман калган адам
Хорватиядагы музыка мугалими Фране Селак планетадагы эң жолу болгон адам деп эсептелет. Бул тууралуу bigpicture.ru кабарлады
Ал учак кырсыгынан аман калган, куу даракты карманып жардан кулай турган болгондо аман калган, жол кырсыгынан аман калган, муз каптаган сууга чөгүп аман калган деги айтор чындыгында уникалдуу адам болуп саналат. Баш-аягы өмүрүндө 7 ирет чоң кырсыктардан таң калыштуу жолдор менен аман калып отурган.
Ушундан кийин ал 2002-жылы 600 миң фунтту (50 миллиондон ашык сом) лотореядан утуп алган.
Фране Селак алгачкы ирет кырсыкка 1962-жылы кабылган. Ал бараткан поезд рельстен чыгып кетип, муз болуп тоңгон дарыяга кулаган.17 адам каза тапкан, бирок Фране бир колу сынып аман калган.
1963-жылы ал бара жаткан учак авиа кырсыкка кабылган, бирок Селак кереметтин күчү менен асмандан кулап келе жатып үйүлгөн чөптүн үстүнө түшкөн. Бир канча адам каза тапкан бул кырсыкта ал бир нече жери тытылып аман калган.
Үч жыл өткөндөн кийин ал түшүп бараткан автобус сууга кулап авария болгон. Мугалим болсо жээкке аман сүзүп чыккан.
1970-жылы өзүнүн унаасын айдап бара жатканда ал жарылып кеткен, бирок жолдуу адам жарылууга бир нече секунда калганда салондон секирип кеткен.
1973-жылы унаа оңдоп жатканда бензин чачырап кетип мотору өрттөнгөн бирок хорватиялыктын чачы гана күйүп кетип өзү аман калган.
1995-жылы аны автобус сүзүп кеткен бирок дагы эч жери эч нерсе болбой аман калган.
Ушул эле жылы ал унаа айдап бара жатканда БУУнун жүк унаасы сүзүп кеткен. Унаасы ала салып 90 метрлик жардын кырында туруп калган.Бирок ал куураган даракты кармап унаадан чыккан, анын унаасы жардан кулап жарылып өрттөнгөн.
Учурда мугалим карылыктын бактылуу доорун сүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/uchak-kyjraganda-asmandan-kulap-kele-zhatyp-jlgn-chptn-stn-tshp-aman-kalgan-adam
Добавить комментарий ×