Тыштан алынган 100 миллиард сом кайда жумшалганы белгисиз

9 октябрь 2018 14:10 1108 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Энергетика ишканаларына жумшалган кредиттер үмүттү актаган жок. Эсептөө палатасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында тармак үчүн тыштан 128 миллиард сом карыз алынып, анын 28 миллиард сому гана кайтарылганы аныкталган. Калган каражат кайда жумшалганы белгисиз.

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитети чет элдик кредит, гранттардын пайдаланышы тууралуу маалыматты укту. Анда өкмөттө тыштан алынган ири суммадагы каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөгөн орган жок экени белгилүү болду. Ал эми текшерүү жүргүзгөн Эсептөө палатасы бир катар фактылардын бетин ачты.

Ссылка: https://barometr.kg/tyshtan-alyngan-100-milliard-som-kajda-zhumshalgany-belgisiz



Добавить комментарий