Тырмагын боеп алган кыздарга акча бербей койгон банкомат иштеп жатат

5 апрель 2019 17:06 8056 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Усть-Каменогорски шаарында маникюру бар кыздарга тейлөө көрсөтпөй турган банкомат иштеп жатат. Банкомат модалуу тырмактары бар кыздарга банк карталарын кайтарып бербейт. Бул тууралуу Устинка булагы маалымдады.

Жергиликтүү тургун Юлия Жукова мындай машинанын бар экенин банкоматтан акчасын алганы барганда билген. Анын айтымында машина акча чыгарып бергени менен картасын бербей койгон.

Ал операторлорго кайрылганда алар аялдарды “жаман көргөн” бул машина тууралуу кабардар экендиктерин айтышып, анын конструкциясы ушундай экенин түшүндүрүшкөн.

Мындан тышкары шаарда бул банкоматтын “начар” тейлөөсүнө кабылган бир нече аял бар.

Ссылка: https://barometr.kg/tyrymagyn-boep-algan-kyzdarga-akcha-berbej-kojgon-bankomat-ishtep-zhatat



Добавить комментарий