Туулган жерге болгон кусалык. Армениядан Карабахка бир күндө 2 миңден ашуун качкын кайтып келди
Өткөн суткада Армениядан таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасына 2 миңден ашуун качкын кайтып келди. Бул тууралуу “Изветия” сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.
Россиянын тынчтык күчтөрү жана аскер полициясы Ереван шаарынан республиканын борборунун башкы аянты Степанакерт шаарына чейин бараткан 30 автобустагы конвойду коштоп барып, ал жакка 1250 кишини жеткиришти. Качкындардын дагы бир бөлүгү Карабахтын башка аймактарына кетишкен.
Ошондой эле, Россиянын аскерлери жарандарды үйлөрүнө кайтаруу үчүн байланыш линиясы аркылуу өткөн автобустардын коопсуздугун камсыз кылышты.
24-ноябрь күнү, Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Тоолуу Карабакта ок атышпоо келишимин ишке ашыруу боюнча кадамдарды талкуулады.
Россиянын лидери аймактагы кырдаал турукташкандыгын жарыялап, Россия бул үчүн көп аракеттерди көрүп жаткандыгын белгиледи.
Эске сала кетсек, 9-ноябрда Владимир Путин, Ильхам Алиев жана Никол Пашинян Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди 10-ноябрдан баштап токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан. Документте регионго тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүү, чыр-чатактын катышуучулары ортосунда туткундарды алмашуу, бир катар аймактарды Армения Азербайжанга өткөрүп берүү жана качкындарды Карабакка кайтаруу каралган.
Добавить комментарий ×