Туугандары дайынсыз жоголду деп издеген жаран Москвадан табылды

27 январь 2020 16:31 786 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын январында Москвада Кыргызстандын бир топ жарандары «WhatsApp» мессенджери аркылуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну, 1992-жылы туулган У.А. аттуу жаранды издөөгө жардам берүү тууралуу кайрылуусу тараган. Жоголду деген адам 2020-жылдын 16-январь күнү жумушуна кетип кайтып келген эмес. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жарандар андан соң ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө  кайрылышкан. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыны текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголду деп эсептелген У.Д. аттуу жаран 2020-жылдын 16-январь күнү Москва облусунун Подолск шаарынын аймагына иштегени кеткендиги жана ал жакта телефон байланышы иштебегендиги, ошондуктан туугандары менен байланыша албай калгандыгы такталган. Ошондой эле ал ошол күндөн бери жумушта болгондугу маалым болгон. 

Жаран У.Д. жазуу түрундө түшүнүк кат жазып берди. Туугандары аны издегендигин жана дайынсыз жоголгондугу жөнүндө билдирүүнү жумушунан кайткандан кийин билген. 24-январь күнү ага жана анын туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештерге, узак убакытка үйдөн кете турган болсоңуздар, туугандарыңыздар, ата-энеңиздерди сиздерди дайынсыз жоголду деп издетип, убара кылбастан маалымдап турууну эскертти. Өкүлчүлүк жарандардан «WhatsApp» мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу туура эмес жана такталбаган маалыматтарды текшербестен таратпоону, зарыл болгон учурда расмий органдарга кайрылууну сунуштайт. Эгерде Россиянын аймагында укукка жат иш-аракеттер жасалган болсо, анда аталган фактыны каттоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыздар. Россиянын аймагында жасалган бардык мыйзамсыз иш-аракеттер Россиянын укук коргоо органдары тарабынан  каралат. 

Кеңеш алуу же кошумча маалыматтарды алуу үчүн ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө (төмөнкү даректе жайгашкан: Москва шаары,  Большая Ордынка көчөсү, үй 62,   курулуш 1 « Добрынинская метросу»,   Кыргыз Республикасынын  Россия Федерациясындагы Консулдугунун жанында), андан сырткары +7 (926) 890-87-00 телефон номурларына байланышыңыздар.

Ссылка: https://barometr.kg/tuugandary-dajynsyz-zhogoldu-dep-izdegen-zharan-moskvadan-tabyldy



Добавить комментарий