Түштүктө ири өлчөмдө сымап сатууга аракет жасагандар колго түштү

6 февраль 2019 12:36 1551 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өлкөнүн түштүк аймагында ири өлчөмдө сымап сатууга аракет жасагандарга бөгөт койулду. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Кылмышка шектүүлөрдү тузакка түшүрүү Ички иштер министрлигинин алдындагы Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү Кызматы тарабынан ишке ашырылды.

Аталган кызматтын кызматкерлери атайын жасаган операциянын натыйжасында 63 жана 41 жаштагы эки жаран уулу сымап затын сатып жаткан жеринен кармалган. Алардын жанында 100 килодон ашык сымап болгон.   

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/tshtkt-iri-lchmd-symap-satuuga-araket-zhasagandar-kolgo-tsht



Добавить комментарий