Түштүк-Бажычылар жарым миллион сомдук контрабанда-товарды колго түшүрдү

18 февраль 2019 10:54 1582 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери контрабандалык жол менен Өзбекистандан ташылып келинген эл керектөөчү товарларды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Бул окуя Евразия экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында ишке ашырылган.

“Түштүк – Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айлында “Достук” өткөрмө пунктунан 200 метр алыстыкта, кыргыз-өзбек чек арасын бөлүп турган тосмо зымдын астынан мүшөкө салынган пахтадан жасалган эл керектөөчү кийимдер (футболкалар, фартуктар) табылган. Бул товарлар Республика Өзбекистандан ЕАЭБтин бажы аймагына белгисиз адамдар тарабынан алынып өткөн. Колго түшүрүлгөн товардын наркы 500 000 сомдон жогору.

Бул факт Маалыматтарды каттоо журналына катталып, чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-bazhychylar-zharym-million-somduk-kontrabanda-tovardy-kolgo-tshrd



Добавить комментарий