ТүркПАнын жыйыны 2022-жылы Кыргызстанда өтөт

30 сентябрь 2021 12:09 774 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Түркестан шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттери ассамблеясынын (ТүркПА) Х пленардык сессиясы болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, жолугушууга ТүркПАга кирген өлкөлөрдүн парламент спикерлери катышты.

Парламенттер аралык кызматташтык, мамлекеттер аралык саясий диалогдор, саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, укуктук тармактардагы өз ара байланыштар талкууланды. Баардыгы болуп 14 маселе каралды. ТүркПАнын жылдык отчету уктурулду жана 2022-жылга уюмдун бюджети бекитилди.

XI пленардык жыйынды 2022-жылы Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/trkpanyn-plenardyk-zhyjyny-2022-zhyly-kyrgyzstanda-tt



Добавить комментарий