Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы дүйнөдөн кайтты
Бөлүшүү:
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Мяликгулы Бердимухамедов 89 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик "Ватан" телеканалы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Азырынча, Түркмөнстан президентинин атасынын өлүмүнүн себептери айтыла элек.
Белгилүү болгондой, Мяликгулы Бердимухамедов 18-апрель күнү каза болгон.
Мяликгулы Бердимухамедов 1932-жылы 12-августта туулган, ички иштер органдарынын отставкадагы подполковниги.
Анын урматына бир катар объектилер, анын ичинде аскердик объектилер да аталган.
Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstandyn-prezidenti-gurbanguly-berdymuhamedovdun-atasy-djndn-kajtty
Добавить комментарий ×