Түркиянын Тышкы Иштер министрлиги Кыргызстандын элчисине нота тапшырды

8 июнь 2019 15:42 1527 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмуралиевге 5-июнда Орок айылында болгон инцидентке байланыштуу нота тапшырды. Бул тууралуу Түркиянын «Анадолу» агенттиги кабарлады.

 “Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фыратка КРнын ички иштерине кийлигишпөө боюнча нота тапшырылган. Түрк тараптын нотасы дагы Кыргызстандын элчисине тапшырылды”,-деп айтылат маалыматта.

Кубанычбек Өмуралиевге Түркиянын тышкы иштер министринин жардамчысы Седат Онал нота тапшырды, анда Фырат өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында аракет кылганы жана өлкөнүн ички саясатына кийлигишпегени, болгону кыргыз-түрк боордоштук мамилелерин жөнгө салууга аракет кылганы айтылат.   

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-tyshky-ishter-ministrligi-kyrgyzstandyn-elchisine-nota-tapshyrdy



Добавить комментарий