Түркиянын түндүгүндө болгон суу ташкынынан 5 адам каза тапты

12 август 2021 18:17 1264 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын түндүгүндө болгон суу ташкынынан 5 адам каза тапты. Бул тууралуу CNN-Turk булагын таянуу менен “Баромтер” билдирет.

Каза тапкандар Кастамону окуругунан экенин аталган өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан кабарлашты.

Министр Сулейман Сойлу ташкындаган суунун тереңдиги айрым жерлерде 4 метрге чейин жеткенин билдирди.

Түркиядагы Кара деңиздин жээгинде катуу жааган жамгырдан улам Бартон, Синоп жана Кастамону уездеринде суу ташкындары болду. Ондогон адамдар кырсыктан жабыркап коопсуз аймактарга эвакуацияланды.

Буга чейин Түркияда өрт кырсыктары жана кумдуу бороон болгон.




Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-tndgnd-bolgon-suu-tashkynynan-5-adam-kaza-tapty



Добавить комментарий