Түркиядан кыргызстандыктар алып келинет
15-майда Стамбул шаарынан Бишкекке чартердик каттам уюштуруларын Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.
Ага ылайык, мындай макулдашууга эки өлкөнүн өкмөтү жетишкен. Учак 15-майда саат 03:10до Стамбул эл аралык аэропортунан учат. Билеттер бир гана аэропорттун өзүндө сатылып, наркы 187 еврону түзгөн. Ошондой эле 30 кг жүккө уруксат бар.
Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү КР элчилиги менен Башкы консулдугу даярдап берген тизме боюнча ишке ашат. Биринчи кезекте Түркияга дарыланууга барган жарандар, баласы бар аялдар, кары-картаңдар алып келинет.
Учурда карартинден улам Түркиядагы 24 шаардын ортосунда байланыш жок. Андыктан КР элчилиги Түркиянын тышкы иштер министрлигине тизмеге кирген КР жарандарына Стамбулга келүүсү үчүн уруксат кагазын берүүнү өтүнгөн.
Тизмеге кирген жарандар аэропортко учак учаардан беш саат мурда келиши керек.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча 16-майда аталган учак Кыргызстандагы Түркиянын жарандарын алып кетет.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyadan-kyrgyzstandyktar-alyp-kelinet
Добавить комментарий ×