Түркияда урандылардын астында 65 саат боюу жаткан үч жашар кыз куткарылды (видео)
Измирде урап калган үйдүн астынан үч жашар кызды куткаруучулар тирүү табышты. Ал уранды астында 65 саат калып калган. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазып чыккан маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
2-ноябрда, Измирдеги жер титирөөдөн урап калган үйдүн астынан үч жашар бала куткарылды. Турак үйлөрдүн биринин урандыларынын астынан Элиф Перинчек аттуу кызды алып чыгышкан. Куткаруучулар ушуну менен 106 адамды уранды алдынан куткарып алышты.
Бул окуядан бир аз мурун эле куткаруучулар урандылардын астынан 14 жаштагы кызды тирүү табышкан. Ал урандылардын астында 58 саат боюу жаткан.
Бүгүн, 3-ноябрда Түркиянын батышындагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондор 95 адамга жетти.
Акыркы маалыматтар боюнча, 994 адам жабыркады, алардын ичинен 847 бейтап ооруканалардан чыгарылды. Измирдеги кыйраган жана катуу жабыркаган беш имарат жайгашкан жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.
30-октябрда түштөн кийин, Эгей деңизинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Табигый кубулуш Грециянын жакынкы аралдарына дагы таасирин тийгизип, 6,9 баллдык силкинүүлөр болду. Атап айтканда, кыйроолор Грециянын Самос аралында катталып, ал жерде эки адам каза болуп, 20 адам жаракат алган.
Добавить комментарий ×