Түркияда уранды алдында 9 күн жаткан беш адам куткарылды
Түркияда жер титирөөдөн дээрлик тогуз күндөн кийин дагы беш адам урандылардын астынан куткарылды. Бул тууралуу Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш аймагынын Дулкадироглу районунда жер титирөөдөн 198 сааттан кийин урандылардын астынан эки бир тууган куткарылган.
Ага улай эле, 14-февраль күнү эртең менен ондогон куткаруучулардын аракети менен 17 жаштагы Мохаммед Энес Йенинар жана анын улуу агасы 21 жаштагы Баки Йенинар куткарылган.
Жаракат алгандар ооруканага жаткырылган.
Ошондой эле, Түркиянын Адыяман шаарында дагы бир адам куткарылды. 18 жаштагы Мухаммад Жафер Четиндин турган жери түрк аскер кызматкерлери, шахтерлор жана ыктыярчылардан турган куткаруу тобу тарабынан аныкталган. Тогуз күн урандылардын астында жаткан жигит ооруканага жаткыруу үчүн дарыгерлерге өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында эки катуу жер титирөө болуп, Сириянын бир катар провинциялары да таасирин тийгизген. Акыркы маалыматтарга караганда, Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 36 миңден ашты.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-urandy-aldynda-9-kn-zhatkan-besh-adam-kutkaryldy
Добавить комментарий ×