Түркияда оппозиция бийликтин кетүүсүн талап кылып, кырсыкка каршы турууга даяр эмес деп сындашты

28 февраль 2023 16:45 709 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн кийин куткаруу иштеринин кечеңдегени үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу түрк NTV телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Эрдоган Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн эң чоң зыян тарткан Адияман провинциясына барганда кечирим сурады.

“Жер титирөөнүн кыйратуучу таасири жана аба ырайын начардыгынан улам Адыяманда алгачкы күндөрү биз каалагандай куткаруу иштерин жүргүзө албадык. Бул үчүн кечирим сурайм",- деди Эрдоган.   

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында бир нече сааттын ичинде эки жолу катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен 40 миңден ашуун адам каза болгон. Эрдоган өз кезегинде оппозициянын сынына кабылып, бир нече саясатчылар өлкөнүн мындай чоң табигый кырсыкка каршы турууга даяр эместигин белгилешти.     

Белгиленгендей, өкмөттүн жер титирөөнүн кесепетин жоюу Түркияда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоолордо негизги маселе болушу мүмкүн. Каардануунун белгиси катары футбол күйөрмандары өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырып, жер титирөөлөр боюнча өкмөттүн аракеттерин кескин сынга алышты.       
     

Бир күн мурда Түркиянын чыгыш аймагында күчү 5,2 баллга жеткен жаңы жер титирөө болду.     
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-oppoziciya-bijliktin-ketsn-talap-kylyp-kyrsykka-karshy-turuuga-dayar-emestigin-belgileshti



Добавить комментарий