Түркияда октон жаракат алган кыз операциядан чыкты, абалы орто

18 март 2019 14:23 1728 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Түркияда октон жаракат алган кыргызстандык кыздын абалы орто. Бул тууралуу бүгүн КРнын Тышкы иштер министирлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу кыргыз жараны дарыланып жаткан дарылоо борборуна байланышка чыгып абалды тактаган.

Мөөнөттөгү дарыгер кызга операция жасалып, кийин жандандыруу бөлүмүнө көчүрүлгөндүгүн, учурда абалы орто экендигин билдирген. Мамлекеттик элчилик аталган маселени өз көзөмөлүндө кармоодо.

Эске салсак, 18-мартта түнкү саат 00:30дар чамасында Гезтепе районунда белгисиз бирөө 29 жаштагы Эльнура Турманбетова олтурган унаага ок чыгарып, кыз жаракат алган.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-okton-zharakat-algan-kyz-operaciyadan-chykty-abaly-orto



Добавить комментарий