Өз органын сатууга аракет кылган. Түркияда кыргызстандыктар мыйзамсыз орган сатууга шектелүүдө
Стамбулда органдарды мыйзамсыз сатууга шектелип чет элдик жарандар камакка алынды. Кармалгандардын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазган маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Качкындар арасындагы адамдарды сатууга каршы күрөшүү башкармалыгы "Этика комитетине" кайрылып, өздөрүн органдарды трансплантациялоого муктаж адамдардын туугандары деп атаган 18 чет элдиктин шектүүнүн көрсөтмөлөрү боюнча тергөө ишин баштады.
Иликтөөнүн жыйынтыгында, аталган адамдар бейтаптар менен туугандык байланышы жок экендиги жана алар өз органдарын сатууну каалаганы белгилүү болду. 18 адам, анын ичинде Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары кармалган.
Сурактан кийин сегиз адам бошотулуп, 10 адамдын иши сотко өткөрүлдү.
Беш адам камакка алынып, калган бешөө өлкөдөн чыгып кетпөө жөнүндө жазуу түрүндө милдеттенме алышты.
Добавить комментарий ×