Түркияда 4 жашар кыргыз кызды зордуктоого шектүү кармалды

5 март 2021 14:37 3333 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркияда төрт жаштагы кыргыз кызы зордукталды. Бул тууралуу жергиликтүү Sozcu гезити жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 2-мартта түрк полициясы 27 жаштагы Х.Аны 2017-жылы туулган наристени  зордуктоого шектүү деп кармаган. 

Ага ылайык, жабырлануучу Түркиянын Кушадасы айылына апасы менен эс алууга келгени кабарланды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жараны М.У. Россияда жашап жүрүп, кызы экөө жездеси Х.А. менен эжеси А.Д.нын үйүнө эс алганы келген.

"М.У.нун айтымында, ал түнү ойгонсо жанында кызы жок экенин көрүп, эжеси А.Д.га чалган. Кичинекей кызы алардыкында экенин билген соң, ал үйгө алып келүүсүн суранган. Алып келишкенде кыз корккон абалда болгонун көрүп, апасы андан эмне болгонун сураганда кызы аны Х.А. зордуктаганын айткан. Жыйынтыгында шектүүнү полиция кармап абакка киргизген. Шектүү буга чейин 4 жолу ар кандай кылмыш иштери боюнча соттолгону аныкталды", - деп айтылат түрк басылмаларынын билдирүүсүндө.


Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyzstandyk-zharan-4-zhashar-kyzdy-zorduktoogo-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий