Түркияда кыргызстандык аялга ок атылды

18 март 2019 10:19 4523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Конак шаарында кыргызстандык аял октон жаракат алды. Бул тууралуу Haberler.com  булагы кабарлады. 

Полиция берген маалыматка таянсак, аталган шаардын Гозэнтеп Махаллеси көчөсүндө белгисиз эркек киши Фехми Арман аттуу жарандын унаасында отуруп тапанчадан ок аткан. Бул учурда унаанын арткы орундугунда отурган 29 жаштагы кыргызстандык жүргүнчү кыз Э. Т.га ок жаңылган. Ал ооруканага жетирилди, азыркы учурда абалы туруктуу деп бааланууда.   

Полиция ок аткан адамдын ким экенин аныктоого киришти.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyzstandyk-ayalga-ok-atyldy



Добавить комментарий