Түркияда Кыргызстандын жараны уурулука шектелип, камакка алынды
Түркияда Кыргыздардын жараны уурулука шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ihlas" кабар агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын үч жараны Анталия шаарынын Манавгат районунда жайгашкан соода борборундагы дүкөндөн кийим уурдап бараткан жеринен колго түшкөн. Кыргызстандык Э.К Д.Д. жана А.К. дүкөндө сатылып жаткан кийимдердин коопсуздук магниттерин кесип, баштыктарына салып баратканда дүкөндүн кызматкерлерине кармалып калган.
Анталия шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөсүнөн кийин А.К. камакка алынып, экөө бошотулган. Бул факты боюнча Кыргызстандын Башкы консулдугунун Анталиядагы өкүлү тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Кыргызстан Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча Туркиянын абактарында төрт Кыргызстандык олтурат.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyzdardyn-zharany-uuruluka-shektelip-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×