Түркияда кыргыз келин адам өлтүргөнгө шектелип соттолууда. Ал өзү айыбы жоктугун айтат

19 февраль 2019 09:57 15671 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Түркияда кыргыз келин киши өлтүрдү деп айыпталып, соттолууда. Бул тууралуу түрк маалымат агенттиктеринде жазылып чыкты.

Анда айтылгандай, 18-февралда Түркиянын Манавгат шаарында 39 жаштагы кыргыз келин жана 74 жаштагы түрк жараны 64 жаштагы дагы бир түрк жаранын атайылап бычактап өлтүрдү деп айыпталып жатат.

Окуя 2018-жылдын 4-июнунда аталган  районго караштуу Серик аймагында болгон деп жазылган. Манавгат мамлекеттик прокуратурасы тергөө жүргүзүп, шектүү кыргызстандык келинге "Кыянаттык менен киши өлтүрүү" беренеси боюнча өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Кыргызстандык келин кылмышты моюнуна алган эмес. Ал жанындагы экинчи түрк жаран кылмышты жасап, келинди дагы коркутуп качып кеткендигин айткан. 

Мекендешибиз тез жардам кызматын чакырган. Тилекке каршы, оор жаракат алган жаран каза болуп калган.

Учурда айрым сот жүйөөлөрүнүн жетишсиздигинен улам, соттук иш кийинкиге жылдырылгандыгы маалым болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyz-kelindi-sottop-zhatyshat-al-kishi-ltrbgnn-ajtuuda



Добавить комментарий