Түркияда каза тапкан этникалык кыргызды акыркы сапарга узатууга вице-президент катышты

27 март 2019 13:52 1918 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Мардин провинциясында 23-марттан 24-мартка караган түнү   этникалык кыргыз Омер Улутурк жол кырсыгынан каза тапкан. Анын сөөгү Йенифакилы Йозгат районуна коюлду. Бул тууралуу haberturk.com булагы кабарлады.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай капрал-сержант Улутурктун Йозгат провинциясында жашаган ата-энесине куран окутуп келди.

Ошондой эле жаш жигитти жерге берүү зыйнатына  губернатордун орун басары  Шукру Чакир, мэр Енифакилы Ялчин Карадавут, аким Эмре Зейрек, саясий партиянын өкүлдөрү, көп сандаган эл катышты.  

Омер Улутурк 1997-жылы туулган, алты айдан бери аскер кызматынын өтөп жаткан. 23-мартта болгон жол кырсыгында каза тапкан. Түрк ЖМКлары аны мекен үчүн шейит кетти деп жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kaza-tapkan-etnikalyk-kyrgyzdy-akyrky-saparga-uzatuuga-vice-prezident-katyshty



Добавить комментарий