Түркияда дагы жер титиреп, бир нече адам каза болду

21 февраль 2023 11:29 612 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Хатай провинциясында күчү 5,8 жана 6,4 баллга жеткен жаңы жер титирөөлөрдүн кесепетинен үч адам каза болду. Бул тууралуу Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргендей, жер титирөөнүн кесепетинен кеминде үч адам каза болуп, 213 адам жаракат алып ооруканага жаткырылды. 

Анын айтымында, кыйраган үч имараттын урандыларынын арасында издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-dagy-zher-titirep-bir-neche-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий