Түркия өздөрүндө дарылана турган Кыргызстандын жарандарынын санын 150гө жеткирет

21 май 2019 12:09 2132 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын жана Түркиянын Саламатыкты сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев жана Түркиянын миистри саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу боюнча кошумча протоколго кол коюшту.

Бул боюнча иш-чара кечээ, 20-майда эки өлкө катышкан Женевада өткөн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында ишке ашты.   

Женевада кол коюлган протоколдун негизинде түрк тарап өздөрүнүн медициналык мекемелеринде дарылана турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын 100дөн 150гө чейин көбөйтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiya-zdrnd-darylana-turgan-kr-zharandarynyn-sanyn-150g-zhetkiret



Добавить комментарий