Транспорт маселеси боюнча калаанын вице-мэри болуп Максим Ситников дайындалды

10 октябрь 2018 12:55 1089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Транспорт маселеси боюнча калаанын вице-мэри болуп Максим Ситников дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Транспорт маселесин тейлеген вице-мэр болуп Ситников Максим Валерьевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Максим Ситников  бул кызматка чейин КРнын Президентинин аппаратында Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери бѳлүмүнүн инспектору болуп эмгектенип келген.

Ссылка: https://barometr.kg/transport-maselesi-boyuncha-kalaanyn-vice-meri-bolup-maksim-sitnikov-dajyndaldy



Добавить комментарий