Төрага Дастан Жумабеков бажы кызматынын кызматкерлери суроолорго интернетти карап жооп берип жатканын айтты
Жогорку Кеңеште 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге “Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Ал эми бул боюнча бажы кызматынын тийиштүү кызматкерлери Жогорку Кеңешке келип жооп беришти.
Алардын жообуна канааттанбаган депутаттар Исхак Масалиев жана Алмамбет Шыкмаматовдор суроолорго даяр эместигин айтып кайрадан даярданып келүүсүн айтты.
“Силер келип эле ар кайсыны айтып эптеп кутулуп кетебиз деп ойлобогула даярданып келбейсиңерби ушул кантип болсун”, - дейт Шыкмаматов.
Ал ортодо төрага Дастан Жумабеков маселеге киришүүгө аргасыз болду.
“Суроолорго интернеттен карап жооп берип жатасыңар, мен бул жактан көрүп жатам. Ушул кантип болсун эртеден бери эмнедеген сандарды айтып жатасыңар туурабы туура эмеспи ким билсин. Биз муну текшеребиз. Ишиңерге жоопкерчилик менен карабайсыңарбы”, - деди спикер.
Добавить комментарий ×