Түп районунун Маяк айлынан 65 жаштагы киши балык улоого кетип табылбай жатат
Ысык- Көлдө, Маяк айлынан 65 жаштагы киши, көлгө балыкка кетип, табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Түп районунда Маяк айылынын тургуну 1956-жылы туулган эркек киши 10-апрель күнү саат 17:30 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Кечээ, 11-апрелде жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Түп районунун бөлүм башчысы, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, КР ИИМнен 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылды. Бүгүн, 12-апрелде издөө иштери улантылат",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/tp-rajonunun-mayak-ajlynan-65-zhashtagy-kishi-balyk-uloogo-ketip-tabylbaj-zhatat
Добавить комментарий ×